Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте акимдер түз эфирде шаардыктардын суроолоруна жооп берет

04.08.2022 11:05
332
Бишкекте акимдер түз эфирде шаардыктардын суроолоруна жооп берет



Калаанын төрт районунун башчылары жумасына бир жолудан райондук администрациялардын Facebook социалдык тармагындагы баракчалары аркылуу түз эфирге чыгып, шаардыктардан суроолоруна жооп беришет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, Биринчи май районунун акиминин төрт түз эфиринде шаардыктар тарабынан 70ке жакын суроо, Свердлов районунун акимине 60 кайрылуу, Октябрь районунун акимине 70 суроо, Ленин районунун акимине 90дон ашык суроо берилди.


Негизинен кайрылуулар жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды оңдоо жана куруу, ирригация орнотуу, катуу таштандыларды чыгаруу, жашылдандыруу жана башка көптөгөн маселелерге тиешелүү болду.


Көптөгөн кайрылуулар боюнча район башчылары жеринде тактоолорду жана сунуштарды беришсе, айрым маселелер боюнча көчмө жыйындар өткөрүлдү.


Ошондой эле, түз эфирдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана акимчиликтердин компетенциясынын чегинде тиешелүү иштердин пункттары көрсөтүлгөн протоколдор түзүлдү.


Эске салсак, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов ар шейшемби күнү саат 18:00дө Биринчи май акимчилигинин баракчасы аркылуу түз эфирге чыгат: https://www.facebook.com/praBishkek;

- Ленин районунун акими Русланбек Тагаев шаршемби күндөрү саат 18:00дө Ленин районунун акимиатынын баракчасы аркылуу шаардыктардын кайрылууларына жооп берет: https://www.facebook.com/Leninadm;

- Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 18:00дө Свердлов районунун акимиатынын баракчасынан түз эфирде: https://www.facebook.com/SRABishkek;

- Октябрь районунун акими Азамат Дороев шаардыктар менен ар жума күнү саат 18:00дө Октябрь акимиатынын баракчасынан байланышып турат: https://www.facebook.com/orabishkek



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн