Бишкек шаарындагы акыркы күндүзгү стационар жабылды.
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шаарда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, бирок бейтаптар илдеттен айыгууда.
"Спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар жабылат. Медициналык жабдуулар, орундуктар жана башка инвентарлар толугу менен дезинфекцияланды", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Шаардагы күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылгандан тарта 106 миң 222 адамга медициналык жардам көрсөтүшкөн. Дарыгердер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар болуп жалпысынан 250 адам иштеген. Учурда күз-кыш мезгилине толук даярдык иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн