Бугу 03, 2024
Убакыт: 00:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Бишкекте сасык тумоого каршы акысыз эмдөө кимдерге жана кайсы жерлерде жүргүзүлөт?

18.09.2020 13:55
1080
Бишкекте сасык тумоого каршы акысыз эмдөө кимдерге жана кайсы жерлерде жүргүзүлөт?


Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору россиялык өндүрүштөгү сасык тумоого каршы  “Гриппол плюс”  вакцинасын алды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. 


Маалыматка караганда, курч дем вирустук ооруларга каршы вакцинациялоо төмөнкү категориядагы адамдарга акысыз жасалат:


- Жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө иштеген медкызматкерлерге жана ҮМБнын дарыгерлерине; 


- Балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн кызматкерлерине, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар, кант диабети, ашыкча салмагы бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга.


Эмдөөнү алыш үчүн каттоодо турган үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылууга болот. Андан сырткары вакцинациялоо акы төлөө менен жеке медициналык клиникаларда жүргүзүлөт: «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», Клиника пр.Асымбековой, ЦАДМИР, «Интермедикал». 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн