Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:09
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

16.12.2023 15:19
324
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды


Бир нече алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


13-декабрда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, «К.» аттуу жаран акчасын көбөйтүп берүүнү убада кылып, андан 3 миң АКШ долларын алып кеткен. Ал убадасын аткарбай, көздөн кайым болду.


Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган М.К. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда анын ушул сыяктуу дагы 14 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды.


Милиция кармалган жарандын аракетинен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0702 743 335, 0555 300 071 же 102 телефон номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн