Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

07.06.2022 09:17
358
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте шаар тургуну чала таанышына алданып, 70 миң сом зыянга учураган. Бүгүнкү күндө алдамчылыкка шектүү колго түшүрүлгөнүн Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.


Белгилүү болгондой, ушул жылдын январь айында шаар тургуну милицияга кайрылган.

Анда ишенимге кирип 70 миң сомун алып, качып кеткен чала таанышына карата чара көрүүнү суранган.


Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.


Жогорудагы кылмышка шектелип 21 жаштагы Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жогун тактоо иштери улантылып жатат.


Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(500) 03-03-05, 0(700) 05-15-35 же 102.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн