Бишкекте алгачкы ирет Манас таануучулардын республикалык форуму өтүүдө. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан билдиришти.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өлкөнүн бардык облустарындагы ЖОЖдордун, колледждердин окутуучулары, мектеп мугалимдери, жалпы "Манас" эпосунун айланасында иш алып барган кыргыз агартуучулары, көрүнүктүү окумуштуулар, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер катышууда.
Белгиленгендей, "Манас" эпосун жайылтуу багытында аракеттер алгылыктуу, иш ийгиликтүү жүрүшү үчүн, "Манас" майданында эмгектенген манас таануучулардын башын бириктирип, маалымат, тажрыйба алмашуу үчүн "Манас" улуттук академиясын орток аянтча кылуу азыркы учурдун талабы болду.
Форумда манас таануудагы маанилүү маселелер талкууланып, манас таануучулардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдура турчу маалымат майданы жаралат. Анын алкагында, “Манас таануучулардын “Манас” эпосун жайылтуудагы ролу: жаштардын манас таанууга болгон кызыгуусун арттыруу боюнча иш алып баруу ыкмалары”, “Манас” кыргыз элинин маданий коду. “Манас” маалымат майданында”, “Манас” эпосун жайылтуудагы инновациялык мамилелер: заманбап ыкмалар жана технологиялар” аттуу темаларда талкуу жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, эми аталган форумду жыл сайын өтүүчү салттуу иш-чарага айлантуу пландалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн