Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

07.02.2024 11:06
292
Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт


Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.

Биринчилик 10-12-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • кыз-келиндер арасында (эркин жана классикалык стиль) — 55, 60, 65, 70, 75, +75;
  • эркектер арасында (эркин жана классикалык стиль) — 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг.

Жаштар арасында:

  • кыздар (эркин стиль) — 40, 45, 50, 55 кг;
  • балдар (эркин стиль ) — 50, 55, 60, 65, 70 кг.

Белгилей кетсек, аталган чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана КРнын Алыш белбоо күрөшү боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн