Теке 03, 2024
Убакыт: 11:56
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Бишкекте алты курулуш компаниясына айып салынды

01.07.2024 13:37
84
Бишкекте алты курулуш компаниясына айып салынды


Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган алты курулуш компаниясына 112 миң сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Алсак, курулуш аянтчасынан шаардын көчөлөрүнө ылай алып чыккандыгы үчүн "Борсан Констракшн" ЖЧКсы жана "Авента Строй" ЖЧКсы айып пул төлөшөт.

Дөңгөлөк жууй турган пункту орнотулганына карабастан, компаниянын кызматкерлери атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуубай, жабдууларды максатка ылайык пайдаланышкан эмес. Компанияларга салынган айыптын жалпы суммасы 46 миң сомду түздү.

Андан сырткары, "Ата Курулуш" ЖЧКсы жана "Кыргыз Каганат" ЖЧКсы жанаша аймагында санитардык талапты сакташкан эмес. КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин аткарбагандыгы үчүн аталган эки компанияга 13 миң сомдон айып пул салынган.

Ошондой эле топуракты муниципалдык аймакка чыгаргандыгы үчүн "Прайм холдинг "ЖЧКсы жоопкерчилик тартылды. 115 – берененин 1-бөлүгүн бузгандыгы үчүн компанияга салынган айып пулдун суммасы - 17 миң сом.

Курулуш таштандыларын таштагандыгы үчүн "Ислам Строй" ЖЧКсына 23 миң сом айып салынды. Компанияга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн.

Эскерте кетсек, муниципалдык инспекция күн сайын рейддерди өткөрүп, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга чара көрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн