Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте ар дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

10.11.2023 10:16
242
Бишкекте ар дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт


Бишкек шаарында 11-12-ноябрдан тарта кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Жарманкенин максаты - атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.

Белгиленгендей, жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.

Жарманке өтүүчү жайлардын дареги:

- Биринчи май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин;

- Октябрь району (Нуркамал Жетикашкаев-Айтиев-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 7:00дөн 19:00гө чейин чейин;

- Свердлов району (Төрөкул Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн