Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте арзан баадагы кумшекер жана өсүмдүк майлары 115 дүкөндө сатылууда

24.03.2022 17:36
504
Бишкекте арзан баадагы кумшекер жана өсүмдүк майлары 115 дүкөндө сатылууда

Бишкек шаарындагы 115 дүкөндө КР Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн кумшекер жана өсүмдүк майы сатылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, май жана шекер Бишкек шаарынын Ленин районунда 43, Биринчи май районунда 26, Свердлов районунда 27, Октябрь районунда 19 дүкөндө сатылууда.


КР Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражатынан Бишкек шаарына 200 тонна кумшекер жана 80 тонна май бөлүнгөн.


"Бүгүнкү күндө 52 миң 620 литр май, 128,2 тонна кумшекер сатылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн