Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 11:21
USD
87.10
87.60
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.095

Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

10.04.2025 09:30
302
Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө


Күн мурун Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда аскердик кармаш уруш боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты башталды.


Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спорттук иш-чара Кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналып уюштурулду.


Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Бактияр Бокоев, Аскердик кармаш уруш боюнча федерациясынын президенти Нурлан Байкулов жана атайын чакырылган коноктор катышты.


Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген жана “Ички иштер министрлиги”, “ Скорпион”, “Пантера”, “ВВ Шер”, “Шумкар” АБП “Баткен бөрү”, “Сүлүктү бөрү”, “Рават”, “Омега ЖАК”, “КР Куралдуу күчтөрү” жана “УКМК” курама командалары катышууда.


Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:
Кыз-келиндер: 50, 55,60, 65, 70, +70 кг;
Эркектер: 57, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, 95, +95 кг.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн