Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте аскердик парад өтөт

24.02.2020 13:00
819
Бишкекте аскердик парад өтөт


9-майда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата аскердик парад өтөт. Бул тууралуу 24-февралда өкмөттө аталган майрамга карата даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтылды.


Анын жүрүшүндө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бекитилген планга ылайык майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Майрамдык иш-чараларды, республика боюнча өтө турган маданий-массалык жана театрлаштырылган көрсөтүүлөргө даярдыктар талкууланды.


Абылгазиев согуштун дээрлик бардык катышуучулары 90 жаштан ашып калганын белгилеп, учурда алардын саны 262и экенин кошумчалады. «Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин эске алып, совет элинин эрдигине жана кайратына таазим этип, Жеңиштин 75 жылдыгы бүткүл элдик майрам катары белгиленет», - деди өкмөт башчы.


Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 365 миң адам катышкан, алардын 115 миңи кан майдандан кайтпай калган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн