Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте аскердик тик учактын кыйрашынан жабыркагандардын саны 10 адамга жетти

Бишкекте аскердик тик учактын кыйрашынан жабыркагандардын саны 10 адамга жетти


Бишкектин четинде Ми-8 тик учагынын кыйрашынан жабыркагандардын саны 11 адамга жетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин бир адам каза болгону маалымдалган.

"Жабыркаган 11 адамдын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, анын экөөсүнүн абалы өтө оор деп бааланууда, алты адам орточо жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан бул окуянын жагдайларын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн