Аскердик тик учактын Бишкектин четинде кулашынан бир адам каза болуп, 8 адам жаракат алды. Бул тууралуу маалыматты коргоо министри Бактыбек Бекболотов тастыктады.
Алдын ала маалымат боюнча, аба техникасы Фрунзе-1 аймагына саат 10:55те кулаган. Анын кесепетинен аскердик тик учактагы экипаждын командири каза болгон. Жабыркаган сегиз адам ооруканага жеткирилген.
Адистер "кара ящикти" алып чыгып, кылмыш иши козголду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн