Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте атайын бөлүктөрдүн жоокерлеринин арасында снайпердик турнир өттү

25.08.2022 19:29
388
Бишкекте атайын бөлүктөрдүн жоокерлеринин арасында снайпердик  турнир өттү



 2022-жылдын 20-21-августунда КР мамлекеттик коргоо органынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алдында, КР УКМК 9-кызматы тарабынан снайпердик аткычтар уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана ведомстволорунун атайын бөлүктөрүнүн, жана ошондой эле КР практикалык күжүрмөн ок атуу федерацияларынын өкүлдөрүнүн ортосундагы мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка караганда, снайпинг – талаада чектелген убакыт аралыгында, белгисиз аралыкта, ар кайсы позициядагы майда буталарды оптикалык көз карашы бар мылтык менен атуу. Мелдеш 10 көнүгүүдөн туруп, анын жыйынтыгы боюнча жалпы упайлар эсептелген. Жалпысынан КР УКМКнын чек ара кызматы, КР Күжүрмөн практикалык атуу федерациясы жана КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, КР Коргоо министрлигинен, КР Куралдуу Күчтөрүнөн, КР Ички иштер министрлигинен, Мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү министрлигинен жана күч түзүмдөрүнөн жана ведомстволордон 15 команда катышты.


 Сынактын жыйынтыгы боюнча сыйлыктар төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлдү:

 1-орунду КР УКМК 9-кызматынын 1-командасы ээледи;

 2-орунду КР УКМКнын атайын багыттагы “Альфа” командасы ээледи;

 3-орунду КР УКМКнын 9-кызматынын 2-командасы ээледи.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн