Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте атын атагысы келбеген жарандардын эсебинен борбордук мечит оңдолууда

17.09.2020 13:54
1331
Бишкекте атын атагысы келбеген жарандардын эсебинен борбордук мечит оңдолууда


Бишкек шаарындагы борбордук мечитти оңдоп түздөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев билдирди.


Анын айтымында, мечиттин короосу акырындык менен иретке келтирилүүдө. Атын атагысы келбеген, соопчулук издеген жеке жарандардын эсебинен мечиттин ички тарабы оңдолууда. 


"Учурда мечиттин имамдары, нөөмөнтчү азанчылары отурчу бөлмөлөр оңдолуп жатат. Кезек-кезеги менен бардык тарабын оңдоп чыгабыз. Көмөк көрсөткөн мусулман бир туугандарга жараткан ыраазы болсун" -деди Замир кары. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн