Бишкекте автобустар каттамга чыкты. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагына кирген өзгөчө кырдаалдан улам коомдук транспортторго чектөө киргизилген. Анын ичинен кичи автобусттук каттамдар толук токтотулган.
Буга чейин Бишкек мэриясы шаар ичинде болгону троллейбусттар гана иштерин кабарлашкан болчу.
Эми муну менен катар автобустар каттамга чыккан. Алар баардык 12 каттам боюнча жүрүп турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн