"Эко жүргүнчүлөр ташуу" компаниясы Бишкекте автобустун жол кире акысын 11 сомдон 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
"Компания тарифти 11 сомдон 15 сомго чейин көтөрүүнү карап чыгууну өтүнөт. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы "БШКнын транспорт тармагындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому боюнча маселени чечүү мүмкүн болбой жатат", — деген муниципалитет.
Ошондой эле компания 2023-жылга чейин Бишкек шаарына 1000 даанал газ менен жүрүүчү автобус алып келүүнү пландап жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн