Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды

05.04.2024 11:20
150
Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды


Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда түн ичинде коомдун тынчын бузуп, атайын автоээнбаштык жасаган жарандар боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча ЖКККББнын Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам түрдө "Toyota ground" үлгүсүндөгү авто унаанын 2005-жылы туулган Б.А. аттуу айдоочусун таап, мыйзамга ылайык 15 миң сом айып салышты. Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ бир жылдын ичинде эки жолу автоээнбаштык жасаган айдоочулар алты айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылаарын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн