Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте автоунаа уурдап кеткен жаран кармалды

24.08.2023 14:26
254
Бишкекте автоунаа уурдап кеткен жаран кармалды


Бишкекте эркек киши Honda Fit үлгүсүндөгү унааны уурдап кеткен. Ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, 17-августта милицияга бир жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 5.00дөр чамасында Славянская көчөсүндө үйүнүн жанында токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү унаа уурдалганын билдирген.


Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.


Шектүү катары 33 жаштагы жаран кармалган. Уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылды.


Шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн