Бишкек шаарында куткаруучулар өз өмүрүн кыюга аракет жасаган адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-апрель күнү саат 20:53тө Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочусу терезесине чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
Маалыматка таянсак, ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары аял-кишини куткарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Анын абалы канааттандырарлык экени айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн