Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте аял кишини өлтүрүүгө шектелип 46 жаштагы жаран кармалды

25.06.2020 09:16
1034
Бишкекте аял кишини өлтүрүүгө шектелип 46 жаштагы жаран кармалды


2020-жылдын 2-июнунда болжол менен таңкы саат 05:55тер чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 102 кызматына шаардагы 3-кичи районундагы үйлөрдүн жанында белгисиз жарандын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, болжол менен 50-55 жаштагы азият улутундагы жаран киши колдуу болуп каза болгондугун аныкташкан.


Көрүлгөн ыкчам издөө иш аракеттеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе 5-кичи районунда окуяга шектүү катары 1974-жылы туулган К.Э. кармалып, Октябрь РИИБнын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.


Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн