Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:18
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бишкекте аялды күч менен өлтүргөн жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды

Бишкекте аялды күч менен өлтүргөн жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды

Борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты.  Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 9-майда саат 22:11де милицияга Кулиев көчөсүндөгү үйдөн зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция окуя болгон жерден аялдын каза болгонун тастыктаган. 


Аталган факты боюнча РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.


Биринчи Май райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери менен Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе 1991-жылы туулган С.К. аттуу жаран кылмышка шектелип кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн