Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте жөө аялды өлтүрө сүзүп качып кеткен 23 жаштагы жигит кармалды

18.08.2020 10:36
951
Бишкекте жөө аялды өлтүрө сүзүп качып кеткен 23 жаштагы жигит кармалды


Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматов көчөсүндө жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 17-августка караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсү менен белгисиз айдоочу түндүктү көздөй бара жатып, Шампанвинкомбинатынын тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынан болжол менен 35-40 жаштагы аял киши окуя болгон жерде жан берген.


Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында Toyota Estima үлгүсүндөгү унаанын Э.Ааттуу 23 жаштагы айдоочусу кармалган. Шектүү жаран Бишкек ШИИББинин жол транспорт кырсыктарын тескеген тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаа айып короосуна токтотулган.


Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа аялды сүзүп кеткени кабарланган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн