Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкекте аялын бир топ убакыттан бери уруп-токмоктоп жүргөн жаран кармалды (фото)

16.01.2024 15:27
356
Бишкекте аялын бир топ убакыттан бери уруп-токмоктоп жүргөн жаран кармалды (фото)


Үй-бүлөлүк зомбулук жана алдамчылык боюнча Кыргызстандын жараны кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын дарегине күйөөсү тарабынан ур-токмокко кабылган жаран кайрылган. Ал учурда Бишкектеги медициналык мекемелердин биринде дарыланууда жана үй-бүлөлүк психологдун кеп-кеңешин алып жаткандыгын айтылган.

Тергөөдө Р.У.Н. үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жубайынын ден соолугуна ар дайым залал келтирип, физикалык зыян келтирүү менен коркутуп, аялына моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, ошондой эле анын туугандарынын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 30 миң АКШ долларын алып, көпкө чейин кайтарып бербей келгени аныкталды.

Ошол эле учурда аялы алган акча каражаттарды кайтарып берүүнү суранганда Р.У.Н. системалуу түрдө ур-токмокко алып, денесине залал келтирип турган. Ден соолукка зыян келтирүү жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Р.У.Н. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, системалуу түрдө ур-токмокко алуу фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилип, тиешелүү чаралар көрүлөт.

КР УКМК үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына жол берилбестигин, аныкталган учурда Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертип, мындай фактылар катталган учурда дароо билдирүүнү өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн