Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте аялын сабап, зордуктоого шектелген жаран камактан бошотулду

09.11.2023 10:18
257
Бишкекте аялын сабап, зордуктоого шектелген жаран камактан бошотулду


American School’дун директору Эрлан Усубакуновго козголгон кылмыш иши токтотулду.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар элдешишкен.


Буга байланыштуу Усубакунов камактан бошотулду.


Белгилей кетсек, 15-сентябрда борбор калаанын тургуну анын күйөөсү Эрлан Усубакуновду сабап, зордуктады деп айыптап, милицияга кайрылган. Ал кармалган күнү Октябрь райондук соту аны 2 айга СИЗО-1ге камакка алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн