Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу “Кирпичный” шаарчасынын Сары-Челек көчөсүндө бүгүн, 6-июлда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окурмандар "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине кабарлашты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын ичинде болжол менен 50 жаштар чамасында эки адам болгон. Айдоочусу мас абалында экени айтылууда.
Сүрөттө байкалгандай, “Лексус” үлгүсүндөгү унаа объектини сүзүп, дубалды тешип ичине кирип кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн