Бишкекте айдоочу унаасы менен “Ынтымак Ордонун” дарбазасын сүздү.
Ленин районунун ички иштер бөлүмүнөн маалымдашкандай, бүгүн саат 14:44төр чамасында 102 кызматына Lexus үлгүсүндөгү автоунаа “Ынтымак Ордо” имаратын атайылап сүзгөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факт Ленин РИИБине катталып, жерине ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Окуя болгон даректе айдоочунун өздүгү аныкталды. 65 жаштагы А.С. аттуу жаран ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн