Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте айрым борбордук көчөлөр капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды (тизме)

28.05.2024 11:22
145
Бишкекте айрым борбордук көчөлөр капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды (тизме)


Бишкек шаарында айрым борбордук көчөлөр капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Байтик баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин жана Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.

Учурда Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки тилкесинде, ошондой Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, оңдоо иштерине байланыштуу жолдордун төмөнкү тилкелери жарым-жартылай тосулган:
- Манас айылы көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен Кырман көчөсүнө чейин;
- Коңорчок көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн дарыяга чейин;
- Матросов көчөсү Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;
- Көкчө тоо чолок көчөсү Щербаков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Нарвская көчөсү Профсоюз көчөсүнөн Бородин көчөсүнө чейин;
- Февраль көчөсү 8-Март көчөсүнөн Коллектив көчөсүнө чейин;
- Керамическая көчөсү Аул көчөсүнөн мечитке чейин;
- 9-кичи району, түндүк тарабы 3б, 5б Саманчин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;
- Исаков көчөсү Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Эркиндик бульвары Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсү Шабдан баатыр көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга жол тыгынын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландаштырууну, ошондой эле жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн