Бугу 10, 2024
Убакыт: 21:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте айрым маршруткалардын каттамдагы саны көбөйдү

07.10.2021 15:18
749
Бишкекте айрым маршруткалардын каттамдагы саны көбөйдү



Күндүн кескин суукташына жана жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу, шаардык транспорт башкармалыгы каттамдарды узартууну жана мүмкүн болушунча кыймылдуу курамдын санын көбөйтүүнү чечти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Күн сайын шаардыктар коомдук транспорттун аралыгынын узактыгына жана кичи автобустардын токтобогондугуна арызданып келишет.


Борбор шаардын транспорт ишканаларынын жетекчилерине маршруттук каттамдардын бирдиктерин көбөйтүү, же автобустардын каттамдарын узартуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.


Бир нече ташуучу компаниялар пландаштырылган чыгууну көбөйттү. № 120, 195, 200 жана 106 маршруттар боюнча транспорттун саны көбөйтүлдү.


Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспорттун айдоочуларынын мыйзам бузуулары жана башка маселелер боюнча шаардык транспорт башкармалыгынын ишеним телефонуна кайрылууну суранабыз: 0 (312) 53-36-48.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн