Борбор калаанын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча, Жунусалиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү жана Ч.Айтматов проспектисинин чыгыш багытындагы тилкесинде №106 маршруттук кичи автобустун кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле, №21 МТУнун өтүнүчү менен айланма жол, Ибраимов-2 көчөсү, Эмгекчил-15 көчөсү менен Ибраимов-3 көчөсүнө чейинки №192 маршруттун кыймылынын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.
№4 МТУнун өтүнүчү менен №135 каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Эми ал Ак-Марал, Чортеков, Күйүков, Ак-Таң, Камбар-Ата, Садыбакасов, Эр-Тайлак көчөлөрүн ээрчип, андан кийин өзүнүн схемасы боюнча жүрөт.
Талкуунун жыйынтыгы менен Ак-Марал, Ак-Таң, Күйүков, Чортеков, Жайыл баатыр көчөлөрүндөгү жолдорду оңдоо иштери аяктаганга чейин No135 каттамдын кыймылын убактылуу өзгөртүү чечими кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн