Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте баасы 1,5 млн сомдук баңгизат аныкталды

24.08.2022 15:59
635
Бишкекте баасы 1,5 млн сомдук баңгизат аныкталды

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Октябрь райондук милициясынын Тергөө кызматы менен биргеликте Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лабораторияны аныкташты.


2022-жылдын 1-июнунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен жаран З.Э. кармалып, анын жанынан 95 грамм "Альфа-ПВП" психотроптук каражат табылган.


Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө З.Э. аттуу жарандын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталып, химиялык каражаттар жана синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү үчүн жабдыктар (суюктук, тараза, идиштер, респиратор жана башкалар) табылган.


Андан сырткары, кармалган жаран буга чейин 347 грамм болгон "Альфа-ПВП" психотроптук каражатты катып койгон көмүскө жайды көрсөтүп берген.


Табылып алынган психотроптук каражаттын жалпы салмагы 471 граммды түзүп, ал 1,5 млн сомдон ашык суммага бааланган.


Ошондой эле өзгөчө кескин жыты бар күрөң түстөгү каражат салынган 6 канистр табылды.


Экспертизанын корутундусуна ылайык, 2 канистрде суюктук түрүндөгү "Альфа-ПВП" психотроптук каражаты, ал эми 4 канистрде аларды даярдоо үчүн заттар болгон.


Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн