Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус табылды

09.06.2020 14:50
902
Бишкекте бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус табылды

Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 6 кызматкеринен коронавирус табылганын республикалык штаб маалымдады. 


Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жандантуу тууралуу Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен буйругуна ылайык, республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери ишин баштаганга чейин коронавирус инфекциясынын бар-жогуна карата ПЧР-диагностикадан өтөрүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. 


"Бала бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика жүргүзүү мүлк формасына карабастан акысыз болот. Ошондой эле ПЧР-диагностикасынан өткөрүүдө Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 6 кызматкеринен коронавирус табылгандыктан, азыркы учурда бала бакчаларды ачууга даярдык иштер жүргүзүлүүдө. 


Мамсанэпид көзөмөл борбору республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдарды кабыл алуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, санитардык жазма буйруктарды беришүүдө. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тийиштүү санитардык нормалар (санитайзер, дезинфекциялык килем орнотуу, термометрия ж. б.) шаардык санэпид көзөмөл борборунун адистери балдарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бекитилген алгоритмдин негизинде уруксат беришет", - деп айтылат маалыматта.   


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн