Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 22:23
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Бишкекте балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган акысыз мастер-класстар өтөт

19.06.2024 12:57
356
Бишкекте балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган  акысыз мастер-класстар өтөт


Бишкек шаарында балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган улуттук прикладдык искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстар өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мастер-класстар Чүй, 32б дареги боюнча кичи Арбатта ар бейшемби күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:

- 20-июнь – "Кийиз жасоо";
- 27-июнь – " Көркөм айкел" (чоподон жасалган сувенирдик буюмдар);
- 4-июль – "Ѳнөр KG" (кийизден кол өнөрчүлүк жасоо);
- 11 - июль - "Чий чырмакчылык".

Бишкек шаарынын мэриясы жаш бишкектиктерди акысыз мастер-класстарга катышууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн