Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:48
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкекте баңгизат сатуучулар 7,5 кг буйрутманы "Яндекс" аркылуу жөнөтүшкөн

19.07.2024 11:00
153
Бишкекте баңгизат сатуучулар 7,5 кг буйрутманы "Яндекс" аркылуу жөнөтүшкөн


Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат саткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлда милицияга Бишкек шаарынын Манас 195 "А" дарегинде жашаган "М" аттуу европа улутундагы жаран "К" аттуу жаран менен бирге синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Яндекс" тез жеткирүү кызматынын жумушчулары баштыкчаларга оролгон белгисиз заттарды алып жаткан жеринен кармалган. Алар аталган дарекке тез жеткирүү кызматынан буйрутма менен келип, бейтааныш жарандардан алгандыгын түшүндүрүшкөн.

Аталган факт боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282 бер. (баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сатып өткөрүү максатында, мыйзамсыз даярдоо) ылайык тергөөгө иш козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган К.М., 1991-жылы туулган Ш.А, 1985-жылы туулган Ж.С, 1982-жылы туулган М.О жана 2002-жылы туулган С.К. аттуу шектүүлөр кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми алынган синтетикалык баңгизаттардын жалпы салмагы таңгагы менен бирге 7 кг 409 граммды, ал эми болжолдуу баасы 51 млн 863 миң сомду түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн