Теке 27, 2024
Убакыт: 09:48
USD
EUR
RUB

Бишкекте бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат

07.12.2023 16:17
360
Бишкекте бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат


Бишкекте бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, автобустардын санын 1 миң 500гө жеткирүү пландалууда. Жаңы автобустардын жакынкы арада келиши күтүлүүдө.

Ошондой эле келечекте бардык айдоочулар бирдиктүү формага өтүшөт.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар кичиавтобустук каттамдар жаңы автобустарга алмаштырылган. Мурда жарандарды тейлөө үчүн 320-330 автобус каттаса, бүгүнкү күндө каттамда 427 автобус бар. Ошондой эле автобустардын аралыгын кыскартуу максатында ар бир каттамдагы кыймылдуу курам кошулган.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Чынаркан
Ой,жакшы болмок,жоон кире акылары өкмөткө түшмөк,муг айлыгы,пособие,пенсия жогору болмок.