Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:49
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөр болгондой комплекстүү клиника курабыз, - Жээнбеков

08.07.2020 17:10
999
Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөр болгондой комплекстүү клиника курабыз, - Жээнбеков


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү максатында жарандарды кабыл алууга ачылган күндүзгү стационарга барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбор калаада мындай төрт стационар иштеп жатат, дагы бешөө ачылууда.

Бул алардын бирөөсү, мында жарандар алгачкы медициналык жардам жана консультация алуу үчүн кайрыла алышат.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириктирилген Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Мунаркан Өмүралиева жарандарды кабыл алуунун, алгачкы жардам көрсөтүүнүн бардык шартын айтып беди. Бейтаптардын ыңгайы үчүн стационардын аймагында аптека дагы иштеп жатканын билдирди. Ал күндүзгү стационарлар жаңы түзүлгөндө болгон кемчиликтердин баары иликтенип чыкканын белгилеп, илдетти жеңип чыгаарыбызга ишенимин билдирди.

Мунаркан Өмүралиева стационарларда врачтар бардык зарыл нерселер, анын ичинде жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалганын маалымдады.

Дарыгерлер менен баарлашууда президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаада стационарлар өз маалында ачылгандыгын белгиледи, анткени буга чейин жарандар медициналык кеп-кеңеш жана алгачкы жардамга муктаж болуп, эл арасында тынчсыздануу жаралган.

«Стационарлар, албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы кырдаал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилүүдө. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөр болгондой комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана куруу үчүн каражат бөлүүгө кызыкдар инвесторлор бар. Мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда курулат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми Бишкек мэриясы борбор калаанын аймагынан заманбап комплекстүү клиника куруу үчүн жер тилкесин караштырып жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн