Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте барымтага алынып, бычак жеген аял каза болду

19.06.2020 11:04
984
Бишкекте барымтага алынып, бычак жеген аял каза болду


Бишкек шаарында чогуу жашаган кишиси тарабынан барымтага алынып, бычак жеген аял каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык №4 травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунан кабарлашты.


«Жабырлануучу аял мойну тарабына үч жолу бычак жеген. Ал жандандыруу бөлүмүндө, комада», - деп маалымдалган буга чейин. 


Окуя 17-июнда саат 19:00 чамасында борбордун батыш бөлүгүндө катталып, белгисиз адам аял кишиге кол салган. 


"Милицияга билдирүү саат 19:50дө түшкөн.  Алар Дэн Сяопин көчөсүндө белгисиз адам бычакка окшош буюм менен коркутуп жатканын билдиришкен. Чакыруу түшкөн жерге милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, ыкчам тергөө тобу, ошондой эле Биринчи май РИИБдин №5 милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев барган. Ал аталган адам менен сүйлөшүү жүргүзүп, шектүү андан кийин колго түшкөн. Ал 1984-жылы туулган С.К. экени аныкталып, Биринчи май РИИБге жеткирилген. Анын сүйүктүүсүн барымтага алышына кызганыч себеп болгон», - деп айтылган милициянын маалыматында. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн