Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте башка бирөөнүн 18 миң долларлык алтындарын күрөөканага коюп изин жашырган кыз кармалды

Бишкекте башка бирөөнүн 18 миң долларлык алтындарын күрөөканага коюп изин жашырган кыз кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 29 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалым болгондой, милицияга арыз менен кайрылган жаран эки чала тааныш аялга чара көрүүнү суранган. Анда анын алтындарын сатып беребиз деп алып кетип, кайра кайтарбай койгонун айткан. Ал эми шектүүлөр алтындарды күрөөканага коюп, изин жашырган. Келтирилген чыгым 18 миң 525 долларды түзгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ушул жылдын 23-майында издөө жарыяланган.


30-августта 1993-жылы туулган шектүү кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Учурда анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу иликтенүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн