Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте башка бирөөнүн эки үйүн коркутуу менен өзүнө каттатууга мажбурлаган жаран кармалды

15.05.2023 13:51
327
Бишкекте башка бирөөнүн эки үйүн коркутуу менен өзүнө каттатууга мажбурлаган жаран кармалды

Башка бирөөнүн мүлкүн опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


 ИИМдин Тергөө кызматына Бишкек шаарынын тургуну опузалап талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Анда шектүү жаран 2022-жылдын август айынан бери жабырлануучуну жана анын үй-бүлөсүн коркутуп, өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирип, опузалап акча каражатын жана үй мүлкүн талап кылып, кыймылсыз мүлкүн өзүнө каттатып берүү талабын коюп келген.


Териштирүүдө маалым болгондой, опузалап талап кылган адам бир үйдү эмес, жарандын бүтүндөй эки үйүн өзүнө каттатып алуу аракетин көргөн.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон.


Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин КИББнын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.


Жакында ИИМдин КИББнын Бишкек шаары боюнча УКККБнын ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын кызматкерлерин тартуу менен шектүү жаран 2000-жылы туулган У.С. кыймылсыз мүлктү каттоого документтерди даярдоо учурунда кармоо иш-чарасы жүргүзүлгөн. 


Шектүү адамга таандык «Лексус» үлгүсүндөгү автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда «Макаров» тапанчасына окшош ок атуучу куралы жана анын 13 даана октору табылып алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 


Ошондой эле, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринен ок атуучу куралдар: снайпердик ок атуучу куралы, «Сайга» үлгүсүндөгү ок атуучу куралы, эки тапанча, 7,62 калибрдеги 100дөн ашык октору, ошондой эле башка ок атуучу куралга таандык октор жана бычак табылып алынган.

Учурда, опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн