Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте баштапкы кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча көп форматтуу конференция болуп өттү

08.12.2020 11:34
500
Бишкекте баштапкы кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча көп форматтуу конференция болуп өттү

Бишкекте баштапкы кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча көп форматтуу конференция болуп өттү. 


Конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбордун өкүлдөрү, кесиптик лицейлер, Педагогикалык квалификация борборлору, Өнөр жай өнөктөштүк борборлорунун курулуш, жеңил өнөр жай, сулуулук индустриясы, коомдук тамактануу жана турак жай тармактарынын өкүлдөрү катышты.Коммуналдык кызматтар, тармактык ассоциациялардын жана компаниялардын, эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле Германиядан келген эл аралык эксперттер катышты.


Конференцияда кесиптик билими жок, бирок практикалык иш тажрыйбасы бар адамдар үчүн кесиптик компетенттүүлүктү текшерүүнүн натыйжалары көрсөтүлдү. Катышуучулар тармактык окутууну жана кесиптик компетенттүүлүктү көзкарандысыз күбөлөндүрүүнү, документтерди даярдоонун электрондук тутумун жана кесиптик компетенттүүлүктүн жыйынтык квалификациялык экзаменинде көз карандысыз баалоо натыйжаларын иштеп чыгуу жана кесиптик чеберчиликти тастыктоо жолу менен баштапкы кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти.


Мыкты тажрыйба борборлорунун жана өнөр жай өнөктөштүк борборлорунун туруктуу социалдык өнөктөштүгү иш берүүчүлөргө баштапкы кесиптик билим берүүнүн сапатына таасир этүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн