Бүгүн Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:33дө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:28де толук өчүрүлгөн. Кырсык катталган аймактан 10 адам эвакуацияланган.
Куткаруучулар иске ууланып, батир ичинде калып калган 1940-жылы туулган Б.А. аттуу эркек кишини алып чыгышып, №4 шаардык ооруканага жеткиришкен.
Өрттүн аянты 10 чарчы етрди түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн