Бишкекте батирден пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Чүй проспектисинде жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 75 жаштагы аял кишинин сөөгү табылган.
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн