Бишкекте жергиликтүү тургунга белгисиз адам бычак менен кол салды. Бул тууралуу 10-апрелде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
10-апрелде түнкү саат он жарымдар чамасында Сухэ-Батор көчөсүндө бейтааныш адам көчөдө бара жаткан кызга кол салган. Ал анын оң далысына жана оң билегине бычак сайган.
Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факты КЖБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен катталган.
Алынган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Милиция кылмышка шектүүнү издеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн