Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте аялды бычак менен коркутуп, тоноп кеткен адам кармалды

19.08.2020 14:03
889
Бишкекте аялды бычак менен коркутуп, тоноп кеткен адам кармалды


Борбор калаада бычак менен коркутуп, аял кишини тоногон адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-августта Бишкек шаарынын Н.А. аттуу тургуну милицияга аны Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз адам бычак менен коркутуп, тоноп кеткенин  айтып кайрылган. Ал каракчы акчасын, эки уюлдук телефонун, зер буюмдарын алып кеткенин билдирген. 

Ага келтирилген материалдык чыгым, 67 миң сом деп бааланган. Иликтөө ишинин жүрүшүндө шектүү катары, 32 жаштагы У.Д. аттуу жаран кармалган. Ага “каракчылык” беренеси менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталып, шектүүнүн башка да каракчылык иштерге тиешеси бар же жогу такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн