Бишкек шаарындагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн 5 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова 9-июнда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тесттин жыйынтыгында коронавирус Октябрь райондук билим берүү борборунун 4 кызматкеринен жана Ленин райондук билим берүү борборунун 1 кызматкеринен аныкталган.
"Алар кайдан жуктуруп алышканын билишпейт. Бирок, 20-марттан бери аралыктан иштеп жатышканын айтышты. Биз жетекчилерине карата чара көрөбүз, анткени алар өз кызматкерлерине тиешелү чаралар тууралуу маалымдашкан эмес", - деди ал.
9-июнга карата республика боюнча коронавирус менен жабыркагандардын саны 2055 адамды түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн