Бишкекте бир катар уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 9-январь күнү Д.Д милицияга кайрылып, чала тааныш жигит батирди ижарага алып, 20 миң сомдук кир жуугуч машинасын уурдап кеткендигин билдирген. Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Уурулук" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Уурулукка шектелип, ушул сыяктуу кылмыштар боюнча бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган жаран А.Б кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аталган жарандан 10дон ашык адам жабыр тарткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн