Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкектеги стационарларга бир күндө 4 миңден ашык бейтап кайрылууда

21.07.2020 18:40
1004
Бишкектеги стационарларга бир күндө 4 миңден ашык бейтап кайрылууда


Бишкек шаардык мэриясынын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Өткөн суткада күндүзгү стационарларга 3 миң 528 адам, түнкү стационарларга 654 адам кайрылды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан күндүзгү стационарларга 56 миң 939 адам кайрылды, анын ичинен 42 миң 261 адам тамчылатып дары, ийне алса, 14 миң 369 адамга медициналык кеңеш берилди. 298 адам ооруканага жаткырылды.

Ал эми түнкү стационарларга 15-июлдан 21-июлга чейин 4 миң 259 адам кайрылган. Анын ичинен 2 миң 195 адам тамчылатып дары, ийне, 2 миң 195 адам медициналык жардам алып, 15 адам ооруканага жаткырылган.


Шаардык ишкерлердин колдоосу менен стационарларга кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер алынды.


Эскерте кетсек, калаада 13 күндүзгү стационар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми түнкү 3 стационар 20:00дөн 8:00гө чейин шаардыктарга медициналык жардам көрсөтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн