Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте бир нече көчөгө жол чырактар орнотулат (тизме)

14.11.2022 11:33
329
Бишкекте бир нече көчөгө жол чырактар орнотулат (тизме)

Жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн жаңы жол чырактар орнотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 7 жол чырак курууга тендер өткөрдү. Жол чырактар төмөнкү кесилиштерге орнотулат:


- Л. Толстой көч., – М. Ауэзов көч;

- Профсоюзная көч.,– Бородина көч;

- И. Ахунбаев көч.,- К. Тыныстанов көч;

- Шералиев көч.,-Куюкова көч;

- Салиева көч.,-Буденный көч;

- Манас көч., -Кокчөтай көч;

- Сухэ-Батор көч., -7-Апрель көч.


Белгилей кетсек, жарандардын келип түшкөн кайрылууларынан улам, И.Ахунбаев жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан светофор объектисинде аудио коштоочу аппарат (ЖБК) орнотулат.  


Жол чырактар 2022-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлүп, ишке киргизилет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн