Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте бир нече мектеп газ менен жылытууга өтөт

13.04.2021 17:03
735
Бишкекте бир нече мектеп газ менен жылытууга өтөт

 Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү жана капиталдык курулуш башкармалыгынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы көмүр менен жылыган жалпы билим берүү мекемелерин газга өткөрүү боюнча долбоордук-издөө иштерине сынак жарыялайт.


Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, сынак борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча компекстүү чаралардын алкагында жарыяланды.

Ошентип, төмөнкү билим берүү мекемелерин газга өткөрүү пландалууда:

-№12 бала бакчаны;

-№23 мектепти;

-№35 мектепти;

-№15 мектепти;

-№54 мектепти;

-№59 мектепти;

-№32 мектепти;

-Майып балдарды реабилитациялоо борборун.

“Иштин баштапкы баасы – 6 млн 198 миң 875 сом. Каражат шаардык бюджеттен каралат”,-деп айтылат маалыматта.

Сынак боюнча толук маалымат бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат: www.zakupki.gov.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн